КУРАМА – бул өлкөдө туруктуу, позитивдүү өзгөрүүлөргө умтулган адамдар жана уюмдарга багытталган маалыматтык-коммуникациялык платформа. Биздин негизги максатыбыз дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда болуп жаткан экологиялык, климаттык окуяларды чагылдыруу, ошондой эле глобалдык көйгөйдү чечүүдө жаңы технологиялар, ийгиликтүү тажрыйбалар жөнүндө маалыматты кеңири жайылтуу.
МИССИЯбыз – Кыргызстандын шаарларын, аймактарын жашыл жана туруктуу өнүктүрүү идеяларын, практикаларын, адамдардын жоопкерчиликтүү, экологиялык таза жүрүм-турумун жайылтуу, мамлекеттин өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, мындан тышкары БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган иш-чараларды чагылдыруу.
Биз буга кантип жетишебиз? Ар кандай коммуникация каражаттары, инновациялык медианын мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү иш-чаралары, ошондой эле ЖМКнын жана БӨУдын өкүлдөрүнүн экология, туруктуу өнүгүү суроолору боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу ишке ашырабыз.