Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша – YouTube

Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет экен, бирок сиз бул көрүнүштү өзгөртө аласыз. Үйдү жылуулоо менен көмүрдү 50 пайызга үнөмдөп, энергияны колдонууну азайтса болот. Үйдү үнөмдүү жылуулоонун бардык сырларын биздин тасмадан көрүп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө өз салымыңызды кошуңуз. «ЭкоЖаша» маалымат өнөктүгүнө кошулуп, @kuramastory баракчасына катталыңыз. Келечек муундар үчүн таза планетаны калтырганга чогуу аракеттенели! 🌏