Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө аз таасир эткен, бирок эң көп жабыр тарткан мамлекеттердин бири. Маселен, 2017-жылы Кыргызстандын парник газдарынын эмиссиясы дүйнөлүк эмиссиянын 0,032%ын гана түзгөн (ОНУВ 2022). Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, климаттын өзгөрүшүнөн көбүнчө аялдар менен жаш балдар жабыркайт. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы аялдар, кыздар климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялоо боюнча иш-аракеттерде лидерлик сапаттарын көрсөтүп келет. Эл аралык аялдар күнүнө карата биз коомдо климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жетектеген аялдардын талыкпаган эмгегин жана жетишкендиктери жөнүндө айтып берүүнү туура көрдүк. Биздин каармандар – өздөрүнүн демилгеси, жасаган жумуштары менен өзгөчөлөнүп, бизге шык берип турат.

Таштандыны сорттоо – парник газдарын азайтат

Аймээрим Турсалиева экоактивист, изилдөөчү жана ишкер. Социология илимин окуган, жана социалдык антропологиялык изилдөөчү болуп иштеген. Учурда Цюрихте жана Бишкекте жашайт. Аймээрим 2013-жылы Алтын-Казык жаңы конушу менен ага жакын жайгашкан таштанды полигонунда изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошондон тартып таштанды көйгөйлөрүнө кызыга баштаган.  2019 жылы курбусу Айнура Сагын менен биргеликте “Тазар” экологиялык уюмун түптөшкөн. «Тазар»- бул мобилдик тиркеме, анда таштандыны кантип сорттош керек, кайсы жака тапшырса болоору картада көрсөтүлгөн. Мындан тышкары тиркемеде жарандардын таштандыларын үйүнөн алып кетүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Билим берүүчү платформада 200дөн ашык кабыл алуу пункттарынын даректери бар.

Биздин коомдук фонд калдыктарды башкаруу боюнча билим берүүчү материалдарды түзүп, керектөө моделдерин өзгөртүп, кайра иштетүүгө басым жасайт. Туруктуу керектөө жана климаттын өзгөрүшү тууралуу маалымдуулукту жогорулатат. Азыр бизде калдыктар тууралуу маалымат өтө аз болгондуктан, биз бүткүл өлкө боюнча калдыктар тармагында сапаттуу изилдөөлөрдү жүргүзө баштадык. Ошондой эле, биз жыл сайын Бишкекте таштанды фестивалдарын уюштуруп келебиз Мисалы, былтыр фестивалдын темасын сууга, таштандыга арнасак, быйыл текстилдик калдыктар тууралуу сөз кылмакчыбыз“.

Аймээрим Турсалиева таштандыны сорттоо экологияны коргоодогу эң эффективдүү чара деп эсептейт. Анткени таштандылар ыргытылгандан кийин абаны, топуракты, сууну булгап метан бөлүп чыгарып климаттын тез ысышына шарт түзөт.

Экинчи каарманыбыз Мария Колесникова, ал 2021-жылы БУУнун «Жердин чемпиону» аттуу эң жогорку экологиялык наамга ээ болгон. Мария Колесникова экоактивист, алгачкы Бишкектеги абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн MoveGreen уюмунун жетекчиси. Ага мындай жогорку сыйлык Бишкек менен Оштогу абаны булгоочу заттар, анын ичинде PM2.5, PM10 жана азоттун диоксиди боюнча ар бир жыйырма мүнөт сайын маалыматтарды чогултуучу AQ.kg тиркемеси үчүн ыйгарылган.

Бишкектин абасынын сапаты боюнча биринчи сенсорлор, MoveGreen уюму тарабынан 2017-жылы орнотулуп баштаган. Ал Бишкектеги смог маселесин биринчилерден болуп аныктап чыккан уюм катары белгилүү. Айта кетсек, «Жердин чемпиону» наамы жылына дүйнө жүзүндө 4 гана адамга берилет. Мария мындай сыйлыкка татыган Борбордук Азиядагы алгачкы адам. БУУнун маалыматы боюнча, бул наам өкмөт, жарандык коом жана жеке сектордогу көрүнүктүү лидерлердин иш-аракеттерине, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жана аны сактоого кошкон салымдары үчүн ыйгарылат.

Кийинки каарманыбыз шаардын экологиясы боюнча аналитик, экоактивист Бермет Бөрүбаева. Ал үч жылдан бери шаардын жетекчилигине экологиялык көйгөйлөрдү, карапайым элдин үнүн жеткирүүгө аракет кылып келет. 2019-жылы декабрь айында алгачкы ирет Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча нааразычылык акциясын уюштурган.

2021-жылы таштанды полигонуна жакын жайгашкан Алтын-Казык жаңы конушундагы кичинекей балдар үчүн “Сакталган китептердин китепканасы” деген китепкана уюштурган. Бүгүнкү күндө социалдык-экологиялык китепканада балдар бекер англис тилин үйрөнүшүп, шахмат ойношуп, жомок окушуп убактыларын кызыктуу өткөрүп турушат. Ал жер ачылгандан бери балдар үчүн өнүктүрүүчү, шыктандыруучу маданий борборго айланды.

Таштанды полигону жыл бою күйүп, түтөп, сасып турат. Бул смогдун күчөп жатканына дагы себепкер. Ошол үчүн биз сүрөтчү Влад Ушаков менен бирге топ түзүп, #МэрПотуши деген демилгени түптөгөнбүз. Максатыбыз бул көйгөйгө шаардын башчысынын жана коомчулуктун көңүлүн буруу болчу. Биз максатыбызга жеттик деп ойлойм, эгер 2019-жылы элдердин бул туурасында кабары жок болсо, бүгүн бул көйгөйдү билишет, көрүп жатышат. 2022-жылы Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлдү, учурда таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу иштери аз да болсо жүрүп жатат. Өткөн дем алышта эле барып, тосмолор тургузулуп, курчоого алынып, жумуш кызуу жүрүп жатканын көрүп келдим. Албетте абдан жай, бирок ошентсе дагы жылыш бар“.

Ары түйшүктүү, ары татаал кесиптин ээси илимпоз Гулбара Оморова.

Гулбара Оморова Кыргызстандагы көлдөрдү изилдеген жалгыз кыз. Кыргыз илимдер академиясынын суу көйгөйлөр жана гидроэнергетика институтунун аспирантурасына тапшырган жана ошол эле жерде илимий кызматкер болуп иштейт. Аспирантурадагы багыты гидрология, суу ресурстары жана  гидрохимия деп аталат.

Мен 2016-жылдан баштап илимий изилдөө иштерине катышып, тажрыйба топтоп баштагам. Кыргызстандагы көлдөрдү жана жарылып кетүү коркунучу бар көлдөрдү изилдейм. Өзүмдүн диссертациямдын темасы “ Ички Тянь-Шаньдагы жарылып кете турган көлдөрдүн тендециясына мониторинг жүргүзүү”. Негизи лимнология илимин өздөштүргөм,  бирок тилекке кыршы буга чейинки тарыхый маалматтар жок болгондуктан диссертация жазуу кыйын болуп, ошол темамды жарылып кете турган көлдөргө алмаштырып алгам“.

Лимнология – бул көлдөрдү изилдеген илим, аларды биологиялык, физикалык, химиляк курмаын, тереңдигин, морфологиясын, көлдөрдүн түбүндөгү түзүлүшүн изилдейт.

Буга чейин чет өлкөдөн келген изилдөөчүлөргө байыркы климатты изилдегенге жардам берип, маалымат чогултуп билим алгам, анткени, көлдүн түбүндөгү катмарлар илгери климат кандай болгонун, климаттын өзгөрүшүнө жараша алар дагы кандай өзгөргөнү боюнча тарых кылып айтып берет. Кыргызстанда илим менен алектенүү өтө оор, мамлекет тарабынан колдоо аз. Биз көлдөрдү изилдеш үчүн кымбат баалуу приборлор талап кылынат. Тилекке каршы бизде андай жок. Анын бир эле жабдыгы 4000 евро турса дагы бирөөсү 3500 евро болот. Бизде ушундай жабдыктар жок болгону үчүн мен Германияга окууга кетип жатам. Айтайын дегеним мен тандаган окуу жай студенттер окуусун ийгиликтүү аяктаса ушул жабдыктарды сатып берет. Мен бир жарым жылдан кийин окууну бүтүп, приборлорумду алып Кыргызстанга келип, көлдөрдү кайрадан изилдеп баштайм“.

Гулбара Оморова келечекте атайын сайт ачып, изилдөөчүлөргө, студенттерге чогулган материалдан Кыргызстандын суу ресурстары жана көлдөрү боюнча маалымат базасын түзсөм деп кыялданат.

Автор: Анархан Алтымышова.

Сүрөт: каармандардын өздүк архивдеринен алынды

Бул материал “Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүү дебат
ассоциациясы” Коомдук фонду (IDEA Борбордук Азия) тарабынан Кыргыз
Республикасындагы Европа Биримдиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылган
социалдык маанилүү контент сынагынын алкагында түзүлгөн.