Желим бөтөлкөлөр таштандыга түшкөндөн кийин эмне болот? Аларды ким сорттойт? Кайра иштетилеби? KuramaStory Wastenet.kg менен биргеликте Бишкектеги желим бөтөлкөлөр кантип чогултулаарын андан кийин эмнеге айланаарын изилдеп көрдү.

«Береке  ПЭТ» ишканасы ПЭТ- маркировкасындагы пластиктерди кабыл алган Бишкектеги эң ири заводдордун бири. ПЭТ- маркировкасындагы желим идишке суунун, ширенин, өсүмдүк майынын бөтөлкөлөрү кирет. Ишкана бул рынокто 9 жылдан бери жүргөндүктөн пластик менен иштөөнү ийне – жибине чейин өздөштүрүп бүткөн. «Береке ПЭТтин» директору Амангелди Айтмаматовдун айтканына караганда, алар желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, сорттоп андан чийки материал чыгарат.

«Бул тармакта 2013-жылдан бери иштейм. Бир гана ПЭТ — пластиктерди алабыз, бирок андан кандайдыр бир буюм жасабайбыз. Даяр сырье чыгарып, Россия менен Өзбекстанга экспорттойбуз. Мурда, 2013-2014-жылдары Кытайга дагы жиберип жүрдүк. ПЭТ– маркировкасындагы пластик бул-желим бөтөлкөлөр, суусундуктардын идиши. Шаар ичиндеги кабыл алуу пункттары аркылуу чогултуп келип, ушул жерде сорттойбуз. Желим бөтөлкөлөр  биринчи сортировка болот, өңүнө жараша бөлүнөт андан кийин атайын аппаратка салынат. Бул техника баклажканын сырткы этикеткасын жулуп, өз-өзүнчө бөлүп берет. Андан кийин гана жуугучка түшөт. Бөтөлкөлөрдүн капкактары ушул жерден бөлүнгөндөн кийин 90 градус кайнаган ысык сууда  кадимки трубаларды тазалаганда колдонулуучу каустикалык соода менен тазаланат. Ысык суудан чыгып, эки ирет муздак сууга жуулуп, андан кийин чайкалып, кургатылат. Бул процесстерден өткөндөн соң чоң «биг-бэг» каптарга салынат».  

Бишкекте пластиктин бардык түрү кабыл алынат, бирок Кыргызстанда кайра иштетилбейт

«Желим бөтөлкөлөр пресстелген жана майдаланып, флекске айландырылган түрүндө экспорттолот. Кыргызстанда кайра иштетилбейт. Россияда биз берген пластиктерден өз-өзүнчө материалдарды чыгарышат. Тактап айтканда, баклажкадан ар бирибиз кийип жүргөн куртканын ичиндеги синтепондор даярдалат. Биз деле даяр продукция чыгарсак болмок, бирок флекстен синтепон чыгаруучу аппарат жок. Мындай техниканын баасы эң аз дегенде $300-400 миң турат. Бул жумуш оңой көрүнгөнү менен кыйын технолог болбосоң ишиң алдыга жылбайт. Пластиктерди Бишкектеги 50 чакты кабыл алуучу пункттан дүңүнөн сатып алабыз. Алар баклажкадан тышкары катуу тиричилик калдыктарын алып, кайра сатышат. Картон, темир, айнек, кагаз ж.б. Аларсыз ишибиз бир топ эле кыйын болмок».

 «Чынында Кыргызстанда өндүрүш тармагында иштөө кыйын. Бирок «Wastenet.kg» сыяктуу уюмдар катуу тиричилик калдыктары менен иштегендерге колдоо көрсөтүп келет. «Wastenet.kg» менен кызматташкан кыска убакыттын ичинде бизге бөтөлкөдөн этикеткасын ажырата турган аппарат алып беришти. Буга чейинки техникабыз эски моделде болгондуктан, иштөө процесси жайыраак эле. Мисалы  баклажкалардын этикеткасынын 50 пайызын алса калган 50 пайызы ажырабай, экинчи ирет салып, иштетчүбүз. Процесс узарып күнүнө 1 же 1,5 тонна гана бөтөлкө тазалаганга үлгүрчүбүз. Азыркы  аппаратка желим бөтөлкөлөрдү бир салганда эле этикетканы 100 % жулуп, күнүнө 2,5 – 3 тоннаны бир тазалап, электр энергиясын, сууну дагы үнөмдөйт».

Таштандыларды кабыл алуу пунктарынын ишмердүүлүгүнө мамлекет тарабынан уруксат берилиши керек

«Негизи жарандарга таштандыны бөлүүнү үйрөтүү зарыл, жок дегенде желим бөтөлкөлөрдү өзүнчө чогултушса. Бишкектеги бир миллиондон ашык адамга бул маданиятты сиңирүү үчүн ар бирибиз салым кошушубуз керек. Анткени, таштандыны бөлүү биринчиден экологияга пайда, экинчиден кайра иштеткенге жеңил болот. Бөтөлкөлөр таза сакталып, ашыкча чыгымды талап кылбайт. Кабыл алуу пункттары Бишкектин ар бир районунда бар. Алар мамлекеттен жеңилдик, жардам сурабайт. Патент алып, салык төлөп расмий иштешет. Анткен менен басымдуусу ачылып, кайра эле жабылып калат. Буга кошуналары тарабынан жазылган арыз себеп болот».

Башкы көйгөй кичинекей целлофан баштыктар менен бир жолу колдонулуучу идиштерде

«Кыргызстандагы бардык таштанды полигондорун көрүп чыккам. Экологияга, жаратылышка кайдыгер карабаган жаран катары целлофан  баштыктар, салфеткага окшогон жеңил нерселер шамал менен кошо учуп, жайылып, жер суунун баарын булгап жатканы өкүндүрөт. Биздин жумуш бир эле бизнес эмес да, таштандыларды иштетүү аркылуу экологияны коргоо болуп эсептелет. Ушул күндө кайсы гана дүкөнгө кирбе, ар бир нерсени өз өзүнчө желим баштыктарга салып бере берет. Мунун бардыгы керексиз нерселер. Бир жолу колдонулуучу идиштерден баш тартыш керек. Ушундай  адаттарды иш жүзүндө колдонуу менен гана коомго, айлана – чөйрөгө, экологияга пайда алып келген болобуз».

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Руслан Кубанычбеков