2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу бейшемби күнү Бишкекте өткөн мелдештин финалында аныкталды. Ал жерде сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин эң мыкты мектеп ашпозчулары өнөрүн көрсөтүштү.

Алгач 57 мектептин ашпозчулары кулинардык жөндөмдөрүн тартуулашкан.  

Бир нече айлампадан кийин беш ашпозчу финалга өттү. Мелдеш Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Индустриалдык тамактануу институту (SIFI) тарабынан колдоого алынды.

Өлкөнүн булуң бурчунан мелдешке катышууну каалаган ашпозчулар алгач кантип бул кесипти тандаганы тууралуу баяндарын жөнөтүшкөн. Экинчи баскычта калыстар тобу ашпозчулардын мыкты аңгемелерин аныктаган. 35 мыкты ашпозчу тандалып, мектеп менюсуна жаңы рецепти иштеп чыгышкан. Эң чыгармачыл беш рецептти түзгөн ашпозчулар 11-ноябрда финалга катышышты.

Бул мелдеш мектеп окуучуларынын ысык тамагын даярдоодо жана тейлөөдө өз өнөрлөрүн көрсөтүп келген мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоо, ошондой эле өлкөнүн келечеги болгон балдардын туура тамактануусунун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган.

Мектеп ашканаларында даярдалган даамдуу тамак-аш коомчулукта тамактануу маданиятын тарбиялайт. Айталы, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Улуттук статистика комитети менен бирге жүргүзгөн акыркы изилдөөсүнө ылайык, туура эмес тамактануу Кыргызстанда ден соолукка кедергисин тийгизген негизги фактору бойдон калууда.

“Мектеп бул жөн гана билим ала турган жай эмес, бул келечектеги коомчулуктун тиреги болгон жарандарды тарбиялаган жай жана мектептерде балдарды ар түрдүү азыктар менен камсыз кылуу – дени сак жарандарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет,- дейди Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс. – Демек, мектеп ашпозчуларынын чыгармачылыгы, талыкпаган эмгеги балдардын жаркын келечегине өбөлгө түзөт”.

Мектеп ашпозчуларынын мелдеши Улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Программа өлкө боюнча 800дөн ашуун мектептеги 220 миңден ашуун баштапкы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыз кылууда.

“Мектепте тамактандыруу балдардын окуусуна көмөктөшөт жана алардын ден соолугун чыңдайт. Улуттук программанын пайдасы мектептен тышкары да байкалат. Биз бүгүн ашпозчуларга ыраазычылык билдирүү жана алардын эмгегин белгилөө үчүн чогулуп жатабыз”, – деди Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү.

2013-жылдан бери Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту менен биргеликте Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келет. Бул программа улуттук жана жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана донорлордун колдоосу менен кеңири таанылган демилге. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.