
Бишкекке түркиялык “Biotrend Energy” компаниясынын менеджерлери менен техникалык адистеринен турган кеңейтилген делегация келди. Алар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун деталдуу түрдө изилдешет.

Инвестициялар министрлигинин жана түркиялык компаниянын өкүлдөрү Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун планын, ошондой эле стадион куруу жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Буга чейин, “Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу” проектиси боюнча меморандумга кол коюлган. “Biotrend Energy” бир айдын ичинде заводдун курулушунун долбоорун берүүгө жана техникалык -экономикалык негиздемесин даярдоого, аны каржылап куруу жана эксплуатацияга берүү этаптарын ишке ашырмакчы.

Түркиянын “Biotrend Energy” ишканасы таштандыларды кайра иштетүүгө, электр энергиясын өндүрүүгө, рекуперативдүү / когенерациялык жылуулукту колдонууга, көмүртекти сертификаттоого жана сатууга инвестиция салат. Бул компания “Doğanlar Holdingтин” туунду компаниясы. Ал 2017 -жылы негизделген ушу тапта иштеп жаткан 13 фабрикасы бар.
Сүрөт: Влад Ушаков