Батыш Европа өлкөлөрү, биринчи кезекте Германия, ошондой эле Бельгия, Нидерландия, Швейцария жана Австрия суу ташкынынын кесепеттери менен күрөшүүнү  улантып жатышат. Илимпоздор муну акыркы 1000 жылдыктагы  эң күчтүү кырсык деп аташты.

Талкаланган шаарлар, жүздөгөн курман болгондор жана миңден ашуун дайынсыз жоголгондор – бул башталышы гана, дешет климатологдор, алар апааттын себебин парник газдарынын бөлүнүшүнөн келип чыккан табигый өзгөрүүлөр деп аташты.

Көптөгөн окумуштуулар: токойлордун өрттөнүшү, кургакчылык, цунами, суу ташкыны, жер титирөө жана торнадо – мунун баары келечекте климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы башталган норма болуп калат деп эсептешет.

Катуу суу ташкындын кесепетинен 156 адам каза болуп, дагы 1600дөн ашуун адам дайынсыз жок болууда.

Айрыкча Арвайлер, Эйфел, Ойскирхен, Рейн-Зиг, Рейн-Эрфт, Рейниш-Бергиш жана Бергишес-Ланд катуу жапа чеккен. Эрфтштадтта, Рейн-Эрфт районунда үч турак үй жана тарыхый сепилдин бир бөлүгү кулап түшкөн.

Кельн шаарынын түштүгүндөгү шаарда үйлөрдү жер көчкү басып калган. Венло жана Рурмонд шаарларынын айланасындагы дарыялардагы суунун деңгээли рекорддук деңгээлге жетип, дамбалардын жана башка суудан коргоочу курулмалардын бузулушуна алып келди.

Бул кырдаалга биринчилерден болуп швед активисти Грета Тунберг комментарий берди.

Өлүмгө алып келген ысык, суу ташкыны, бороон, токойдогу өрт, кургакчылык, түшүмдүн жок болушу … Бул“ жаңы норма ”эмес. Биз климаттык жана экологиялык апааттын эң башында турабыз, мындан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү тез-тез болуп турат ”, – деп жазды Тунберг твиттердеги баракчасына.

New York Times гезитинин билдиришинче мындай катуу нөшөр, парник газдарынан чыккан жылуулуктун натыйжасында климаттын өзгөрүп жатканынын ачык белгилеринин бири – ошондой эле, дүйнө жүзү боюнча токойлордун өрттөнүп жатышы, цунами жана жер титирөөлөрдүн көбөйүшү да биринчи себептерден.